SerepTV Logo

Балдарды мектепке электрондук каттоо жүрүүдө

Балдарды мектепке электрондук каттоо жүрүүдө
Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Кара-Балта, Кызыл-Кыя жана Токмок шаарларында мектептерге 1-класска балдарды электрондук каттоо аркылуу кабыл алуу уланууда. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Мекеменин акыркы маалыматтарына ылайык, бүгүнкү күнгө чейин келип түшкөн арыздардын жалпы саны 7 миңден ашкан. Алардын ичинен: Бишкек – 6350; Ош – 150; Кара-Балта – 122; Токмок – 96; Кызыл-Кыя – 272; Жалал-Абад – 167. Ал эми мекеменин техникалык колдоо көрсөтүү кызматына келсек, ал дүйшөмбүдөн жумага чейин, саат  9:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Тыныгуу сааты: 12:00-13:00. Балдарды мектепке 1-класска электрондук каттоо 15-фералда башталган.
Unknown Author