SerepTV Logo

Балдар ууланган мектептин 4 кызматкерине айып пул салынды

Балдар ууланган мектептин 4 кызматкерине айып пул салынды
Чуй облусунун Байтик айылындагы “Кут Билим” мектеп-интернатында балдардын ууланышына байланыштуу мекеменин төрт кызматкерине айып пул салынды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги кабарлады. Маалым болгондой, санитардык-гигиеналык изилдөөнүн жыйынтыгында, бир катар санитардык эрежелерди бузуу фактылары аныкталган. Ага ылайык, мектеп директоруна 23 000 сом, азык-түлүк алуучу чарба кызматкерине 7500 сом, медициналык кызматкерге 7500 сом, башкы ашпозчуга 7500 сом айып пул салынды. Белгилей кетсек, 9-декабрда аталган мектептин 23 окуучусу тамакка ууланып, алардын алтоо жандандыруу бөлүмүнө түшкөн. Учурда алардын абалы канааттандырарлык. Баары үйлөрүнө чыгарылган.
Unknown Author