SerepTV Logo

Балдар онкологиясындагы госпиталдык мектептин мугалимдерине мамлекет айлык төлөй баштады

Балдар онкологиясындагы госпиталдык мектептин мугалимдерине мамлекет айлык төлөй баштады
Балдар онкологиясындагы госпиталдык мектептин мугалимдерине мамлекет айлык төлөй баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинен билдиришти. Госпиталдык мектеп – узак дарыланууга муктаж болгон балдардын үзгүлтүксүз билим алуусун камсыздоо үчүн оорукананын астында ачылган адистештирилген кабинет. Мындай мектептер Бишкек, Ош шаарларындагы балдар онкологиясы бөлүмдөрүндө иштеп жатат. "2024-жылдын декабрында Бишкек шаарында өткөрүлгөн госпиталдык мектептердин статусу боюнча форумда Оштогу госпиталдык мектептин мугалимдерине маяна төлөө маселеси көтөрүлгөн. Көп өтпөй маселе оң жагына чечилип, мамлекет мугалимдерге эмгек акы төлөй баштады", - деп жазылат маалыматта. Кыргызстандагы госпиталдык мектеп 2018-жылы “Жардам берүү оңой” фондунун демилгеси жана аракети менен ачылган. Соңку төрт жыл бою «Жардам берүү оңой» фонду өз каражаттарынын эсебинен Оштогу мектептин мугалимдерине маяна төлөп келген.