SerepTV Logo

Балбак Түлөбаев ЖЭБди газга өткөрүү боюнча меморандумга кол койду

Балбак Түлөбаев ЖЭБди газга өткөрүү боюнча меморандумга кол койду
Борбор калаанын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев шаардагы Жылуулук электр борборундагы 19 от казанын газга өткөрүү максатында «Газпром Кыргызстан» компаниясы менен меморандумга кол койду. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматынан  билдиришти. Акыркы убакта Бишкекте ыш маселеси пайда болду. Ошондон тарта бул көйгөйдү чечүү максатында иштерди жүргүзүп келе жатабыз. Көйгөйдү эки тармак чечиши керек. Бири өкмөт, бири муниципалитет. Муниципалитет өзүн иш-чараларын аткарып жатат. Бүгүн мына «Газпром Кыргызстан» менен меморандумга кол койдук.  Борбор калаадагы 19 от казанды алмаштырабыз. Алардын баары көмүр менен жылытылган от казандар болчу. Эми булардын баарын газга өткөрөбүз. Буюрса, 20-октябрга чейин бул иштер бүтөт” , — деп билдиришти мэриядан. Буга чейин ордо калаа башчысы Балбак Түлөбаев жаңы конуштардагы бардык мончолорду да газ менен жылытууга өткөрөрүн айткан эле.
Unknown Author