Бала бакчанын жетекчисинин мас абалындагы видеосу боюнча агартуу министрлиги маалымат берди
Кочкор райондук билим берүү бөлүмүнүн билдирүүсү боюнча, 15-майда интернет айдыңында жарыяланган видео (бала бакчанын жетекчисинин мас абалындагы видеосу) бир жыл мурун райондогу "Фаризат" бала бакчасында тартылган. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.