Бакыт Матмусаев Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болуп дайындалды
Бакыт Матмусаев Бишкек ШИИБдин жетекчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда ИИМдин басма сөз кызматынан билдиришти.
Буга чейин Матмусаев ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматын жетектеп келген. Ал Бишкек ШИИБге Канат Жумагазиевдин ордуна келди.
Ал эми Канат Жумагазиев Ысык-Көл ОИИБдин жетекчиси болду.