"Бакта өрүк калбады" деген видео жарыяланды
Бүгүн, 2-майда социалдык тармактарда кадимки көк өрүктүн жер жайнаган кутуларда, каптарда салынып, сатылып жатканын көрүүгө болот.
Айрым интернет колдонуучулар көк өрүктүн базардагы баасы 300-400 сом экенин жазышууда. Ал эми айрымдары "мындай боло берсе, бакта өрүк калабы?", "быйыл бышкан өрүк жейбизби, эмне деген жосунсуз жорук" деп нааразычылыгын жазышууда.