"Бакай Банк" майрамдык кечедеги чуу жараткан тасма боюнча түшүндүрмө берди
Бишкекте 7-мартта «Бакай Банктын» кеңселеринин биринин кызматкерлери кесиптеш айымдарды куттуктап жаткан маалда болгон жосунсуз окуя үчүн тийиштүү кызмат адамдарга чара көрүлөт. Бул тууралуу аталган банктын башкы маркетологу Зарема Султанбекова билдирди.
Анын айтымында, «Бакай Банктын» филиалдарынын биринин кызматкерлери жетекчиликтин макулдугусуз 8-мартка карата кече уюштурушкан. Ал кечеде эмгек жамааттын бири-бирине карата жосунсуз аракеттер менен куттуктоосу жумуш убактысынан тышкары мезгилде болгон.
“Иш-чара банктын корпоративдик баалуулуктарына жана этикасына каршы келет. Буга байланыштуу кызматтык иликтөө жүргүзүлүп, күнөөлүүлөр аныкталат. Аларга карата Эмгек кодексине ылайык, чаралар колдонулат. Ошондой эле, “Бакай Банк” бул видео үчүн кечирим сурайт жана алдыда бул сыяктуу окуялардын алдын алуу үчүн бардык аракеттерди көрөт”,- деп билдирди ал.
7-март күнү социалдык тармактарда «Бакай Банктын» кызматкерлери майрамдык кечеде отурганы тартылган видео тарап, колдонуучулар арасында кызуу талкууга түшкөн. Анда ар кандай коомчулукта уят делген аракеттер болгону үчүн интернет колдонуучулары банктын дарегине нааразычылык билдиришкен.