Бажы кызматы Абхазиядан алып келинген унааларды албоого чакырды
Бажы кызматы кыргызстандыктарды Абхазиядан алып келинген унааларды сатып албоого чакырат. Бул тууралуу мекеменин маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда Бажы кызматы Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы менен биригип Абхазиядан унааларды мыйзамсыз алып келип, сатууну тыюу багытында чара көрүүдө. Себеби Абхазиядан алып келинген унаалар Евразиялык экономикалык биримдиктин (ЕАЭБ) товары болуп эсептелбейт.
"Абхазиядан убактылуу алып келинген унаалар ЕАЭБдин Бажы кодексинин 264, 275-беренелерине ылайык ишеним кат менен гана пайдаланууга жатат. Ал унааларды Кыргызстандын аймагына алып келип, бажы каттоосунан өткөрбөй туруп, эксплуатациялоо - мыйзамсыз", - деп айтылат маалыматта.
Учурда абхазиялык номуру менен кыргызстандык жарандар айдап жүргөн унааларды текшерүү максатында атайын рейд жүрүүдө.
Белгилей кетсек, 19-мартта Бишкекте 30га жакын жаштар Абхазиядан келген унааларды текшерүүгө нааразы экенин айтышып, митингге чыгышкан.