"Баарыбыз күнөөлүүбүз". Бишкектеги окуучу кыздын өлүмү боюнча министр суроого жооп берди
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Жалолидин Нурбаев Бишкектеги №31 мектепте болгон окуяны көтөрдү.
"Окуучу кыздын арты кайырлуу болсун. Ата-энесине сабыр берсин. Буга ким күнөөлүү?",- деди депутат.
"Бүгүнкү күнү ИИМ тарабынан тергөө иштери жүрүп жатат",- деди министр.
"Териштирүү жүрүп жатканы башка маселе. Ушул жагдайга ким күнөөлүү? Мугалимби, ата-энеби же коомчулукпу?",- деди депутат.
"Баарыбыз күнөөлүүбүз",- деди министр.