SerepTV Logo

"Азыр келем деп чыгып кеткен". Баткенде 18 жаштагы кыз кафеден чыккан бойдон дайынсыз

"Азыр келем деп чыгып кеткен". Баткенде 18 жаштагы кыз кафеден чыккан бойдон дайынсыз

Баткенде 18 жаштагы Абдукаримова Лаура Курсантбековна дайынсыз болуп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, ал 30-ноябрь күнү саат 23:30 чамасында Сузак районунун Ырыс айыл өкмөтүнөн өткөн Бишкек-Ош жолундагы кафелердин биринде чай ичип отуруп, “азыр келем” деп сыртка чыккан бойдон дайынсыз болууда.

Белгилери: Бою 160-165 сантиметр, өңү ак жүздүү, чачы кара кыска, кашы, көзү кара, арык дене түзүлүштө.
Кийген кийимдери: Кара түстөгү кыска куртка, кара түстөгү спорттук шым, кышкы бут кийимчен болгон. Кыздын жүргөн жерин аныктоого мүмкүнчүлүк болбой жаткандыгына байланыштуу туугандары жана милиция аны табууга коомчулуктан жардам сурайт. Телефон номурлар: 102, (03748) 5-02-09, 0558 16-16-91, 0777 80-65-68.