SerepTV Logo

"Азаттык": "Депутат Бактыбек Райымкуловдун митингдеги билдирүүсү сөз эркиндигине болгон чабуул"

"Азаттык": "Депутат Бактыбек Райымкуловдун митингдеги билдирүүсү сөз эркиндигине болгон чабуул"
Кечээ, 28-январда Ош шаарында Бажы кызматынын төрагасынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун тарапташтары митинг өткөрүштү. Айтылган маалыматтарга караганда, митингге 10 миңден ашуун адам катышкан. Чогулгандардын арасында эл өкүлдөрү да бар эле. Тактап айтканда, Таабалды Тиллаев, Мирлан Бакиров жана Бактыбек Райымкулов да барган. Андан тышкары митингге анын бир тууганы жана Жогорку Кеңештин депутаты Искендер Матраимов да чыккан. Митингге келген Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Райымкулов эл алдында: "Биз бейөкмөт уюмдардан, "Азаттыктан" кутулмайын Кыргызстан өнүкпөйт. "Азаттыктын" башында Роза Отунбаева турат. Отунбаева кыргыздын чыккынчысы", - деди. СЕРЕП МЕДИА агенттиги бул айтылган сөздөр боюнча "Азаттыктын" пикирин билүү үчүн байланышты. Редакциянын билдирүүсүнө ылайык, эл өкүлүнүн мындай сөздү эл алдында айтканы сөз эркиндигине болгон чабуул. "Биз катардагы ЖМКлардай эле митингди бейтарап чагылдырдык. Активисттердин да үнүн уктук. Мындай сөздөр биз тарапка айтылып эле келе жатат. Эл өкүлдөрүнүн митингге чыкканы өзү таң калыштуу. Депутаттардын мындай пикирлерин бийлик же укук коргоо органдары көзөмөлгө алышы керек эле. Менин оюмча ар бир адам өзүнүн сөзүнө өзү жооп бериш керек", - дешти алар.
edita