SerepTV Logo

Аялын коркутуу үчүн кызын сабаган ата. Кыздын апасы эмне дейт?

Аялын коркутуу үчүн кызын сабаган ата. Кыздын апасы эмне дейт?
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева тиешелүү мамлекеттик органдарды балдардын коопсуздугун камсыздоого чакырды. Буга чейин соцтармактарда өз атасы 5 жашар кызын сабап жаткандагы видео тараган. Акыйкатчы балдарга карата зомбулукту болтурбоонун алдын алуу керектигин билдирди. Акыйкатчынын Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгү атасы тарабынан сабалган кыздан жана анын апасы, бир туугандарынан кабар алды. Кыздын апасынын айтымында, жолдошу ичимдик ичип келип, тынчтык бербей ызы-чуу салганынан бир баласын алып, үйүнөн чыгып кеткен. “Бул окуя 14-ноябрда болгон. Соцтармактарга 3-декабрда таркап кетиптир. Жолдошум мас болуп келип, тынчтык бербей жатканынан эки баламды калтырып, үйдөн кетип калгам. Анан эле, 5 жашар кызымды чыбык менен чаап, видеого тартып, мага жибериптир”, - деди кыздын апасы. Бул окуядан кийин эне менен балдарына соттук-медициналык, соттук психологиялык-психиатриялык экспертизалар дайындалган. “Учурда эки кызым менен Майлуу-Суу шаарында ата-энемдин үйүндө жашап жатабыз. Улуу балам болсо, чоң энеси менен Бүргөндү айылында жашап, билим алууда”, - деди кыздын энеси. ИИМдин маалыматына ылайык, кызын сабап, видеого тартып алган 41 жаштагы жаран кармалып, тергөө иштери жүрүүдө.  Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнүн тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн токтомунун негизинде, 5-декабрь күнү ал жакка кетпөө тил каты менен бошотулган.