SerepTV Logo

"Автобустун ичинен таппай калган". Ошто 17 жаштагы Күмүшай 25-февралдан бери дайынсыз болуп жатат

"Автобустун ичинен таппай калган". Ошто 17 жаштагы Күмүшай 25-февралдан бери дайынсыз болуп жатат
Ошто Ош шаарынын Руставели көчөсүнүн тургуну 2008-жылы Тиланова Күмүшай Алтынбековна изделип жатат. Бул тууралуу Ош ОИИБден билдиришти. Маалыматка караганда, 25-февралда саат 14:30 чамаларында Ош шаарынын Апсамат Масалиев көчөсүндө орун алган аялдамадан өткөндөн кийин автобустун ичинен 2008-жылы туулган кызын таппай калгандыгын, ушул күнгө чейин дайыны жок болуп жаткандыгын билдирип арыз жазган. Сүрөттөгү жаран тууралуу маалымат болсо, (03222) 4-82-82, 0990 90 79 18 номурларына чалсаңар болот.