SerepTV Logo

Аты келип, өзү жок… Кеминде жайлоого кетип дайынсыз болгон жаран боюнча милиция маалымат берди

Аты келип, өзү жок… Кеминде жайлоого кетип дайынсыз болгон жаран боюнча милиция маалымат берди
Буга чейин ӨКМ маалымат таратып, 29-ноябрда Чүй облусунун Кемин районундагы Тар-Суу айылынын тургуну, 1981-жылы туулган Ш.М. аттуу эркек киши Жалгыз-Тал жайлоосуна чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканын билдирген. Чүй облустук милициясы маалымат таратып, Шакиев Мирдан Бекбоевич дайынсыз болуп изделип жатканын билдирди. Жакындарынын айтымында, ал 29-ноябрда саат 09:00 чамасында Тар-Суу айылынан Жалгыз-Тал жайлоосуна аты менен кеткен бойдон кайтып барган эмес. Анын аты үйүнө барган. Ким-ким жаранды көргөн болсо, 0705507071, 0701 886-295 номурларына чалсаңар болот.