Аттестация учурунда 4 аким кызматын тапшырган
Өлкөдөгү райондордун акимдерин аттестациядан өткөргөн учурда 4 аким арызын жазып берген. Алар өз каалоосу менен кызматын тапшыра турганын билдиргенин Мамлекеттик кадр кызматынын директорунун кеңешчиси Кадыбек Алышбаев билдирди.
Алар:
- Жалал-Абаддагы Чаткал районунун мурунку акими Накетаев Жуманалы Алтымышович;
- Таластагы Бакай-Ата районунун мурунку акими Төрөкулов Чолпонкул Асылбекович;
- Чүйдөгү Ысык-Ата районунун мурунку акими Тайгашкаев Руслан Авасканович;
- Ысык-Көл облусундагы Ысык-Көл районунун акими Сарбагышев Максатбек Канатбекович.