Атазов кайра шайлоого аттанды. Эки райондон талапкерлигин көрсөткөндөрдүн саны 14кө жетти
27-февралда өтүүчү Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын кайра шайлоого катышуу жөнүндө 14 талапкерден (өзүн-өзү көрсөтүү тартибинде) билдирме түштү. Бул тууралуу БШКдан маалымдашты.
Биринчи Май шайлоо округу боюнча:
- Адылбек Гапаров;
- Русланбек Акылбеков;
- Рысбай Аматов;
- Анвар Сартаев;
- Нурбек Токтакунов;
- Шадыкан Жакыпбеков;
- Эльвира Сурабалдиева.
Свердлов шайлоо округу боюнча:
- Шайлообек Атазов;
- Муратбек Султанбеков;
- Эдил Бейшенбаев;
- Жусубалы Керимбаев;
- Назгүл Жолдошова;
- Жаныбек Асанбеков;
- Гуля Алмамбетова.
Бир мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди көрсөтүү 27-январда саат 18:00дө аяктайт. Талапкерди каттоо үчүн документтер БШКга 30-январь саат 18:00гө чейин берилүүгө тийиш.