SerepTV Logo

"Атамды тажиктер издөөгө берип, Орусияга барганда аскерлер кармап кетишти" дейт кичинекей Адил

"Атамды тажиктер издөөгө берип, Орусияга барганда аскерлер кармап кетишти" дейт кичинекей Адил
“Атамды тажиктер издөөгө берип, Орусияга барганда аскерлер кармап кетишти. Биз аны сагынып ыйлап жатабыз”, - дейт Баткендин Көк-Таш айылыны кичинекей жашоочусу Адил Абдурахимов. Анын айтымында, атасы Эсен Мажитов 18-апрель күнү Орусияга иштеп келүү үчүн кеткен. Аэропортко жеткенде эле Орусиянын күч түзүмдөрү кармап кетип, учурда Орусиянын убактылуу кармоочу жайында. “5 жыл мурда атамдын агасын да тажиктер кармап кетип, уруп-согуп өлүп калган экен. Эми атамды Орусия Тажикстанга өткөрүп берип койбосо экен деп коркуп атабыз”, - дейт Адил. Адилдин эжеси Бүбиниса Мажитованын айтымында, Эсен Мажитовго тажиктердин жерин басып алды деген айып коюлууда. Бирок үй-бүлө ал жерде 30 жылдан ашык убакыттан бери жашап келет. Маекти толугу менен шилтемеге өтүп көрө аласыздар.
Unknown Author