SerepTV Logo

Атамбаевдин уулу үйүнөн чыгарылып, туугандарынын үйүнө барышканын билдирди

Атамбаевдин уулу үйүнөн чыгарылып, туугандарынын үйүнө барышканын билдирди
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаев соцтармактагы баракчасына Кой-Таштагы үйүнөн чыгарылып, туугандарынын үйүндө жашап жатышканын билдирди. Кечээ, 13-сентябрда Алмазбек Атамбаевдин балдары Кадыр Атамбаев жана Алия Шагиева соцтармактагы баракчалары аркылуу үй-бүлө мүчөлөрүн Кой-Таштагы үйүнөн чыгарып жатышканын кабарлаган. Расмий бийлик өкүлдөрү бул окуя боюнча маалымат тарата элек.
12-сентябрда Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Тимур Малбашев мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин Кой-Таштагы үйүнүн жеринин жарымына карылар үйү, жарымына бала бакча куруларын айткан.
info