УКМКнын алдында "Ата Мекен" партиясы өкүлдөрү чогулушуп, алар бийликке 3 талап койду (видео)
"Ата Мекен" партиясынын бийликке койгон 3 талабы бар. Бул тууралуу партиянын мүчөсү Али Токтакунов УКМКнын алдында журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айтты.
"Биз бийликке талаптарыбызды коёбуз. Өмүрбек Текебаевди уруп-сабап, уурдап кетүүгө аракет кылгандарды таап, жазалаш керек. Экинчиден, оппозициячыл көз караштагы саясатчылардын бардыгынын коопсуздугу камсыздалышы керек. Андан тышкары, шайлоонун жыйынтыгы жокко чыгарылышы керек. Кайра добуш берүү өткөрүшүбүз керек", - деди ал.
Бүгүн, 1-декабрда "Ата Мекен" партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салуу болду. Кийин ал өзү окуя боюнча комментарий берип, президент Садыр Жапаровдон кол салгандарды камакка алышын айтып кайрылды.