SerepTV Logo

Ата-энелер жайында балдарынын коопсуздугун кантип сакташы керек? ИИМ кеңеш берет

Ата-энелер жайында балдарынын коопсуздугун кантип сакташы керек? ИИМ кеңеш берет
ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы ата-энелерге жай мезгилинде балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча кеңеш берди. "Жай мезгилинде аба-ырайы ысык болгондуктан, тургундардын көпчүлүгү көлдүн жээктеринде же көлмөлөрдө эс алууга шашылышат. Ошол эле учурда өздөрүнүн жана балдарынын коопсуздук эрежелерин сактабагандыктан, адам өмүрүн алган кырсыктар дагы катталып келет. Жайкы каникулдун башталышы менен көл жээктеринде жана дарыяларда кооптуулук күчөйт, биринчи кезекте өспүрүмдөр менен болгон кырсыктар кооптонууну жаратат. Балдардын саякаты жана кызыгуусу, бош убакыттын болушу, чоңдордун туруктуу көзөмөлүнүн жоктугунан суу объектилеринде кокусунан кырсыктар катталууда", - деп айтылат маалыматта. ИИМдин Коомдук коопсуздук кызматы шаар жана айыл тургундарына көлмө жана суу жээктеринде коопсуздук эрежелерин сактоону эскертет. Жарандардан балдарга коопсуздук эрежелерин сактоо боюнча төмөндөгү түшүндүрүү иштерин жүргүзүп турууну суранабыз: • Балдарды чоңдордун кароосуз суу жээктерине жиберүүгө болбойт; • Сууга түшүп жаткан балдарга тынымсыз көз салып туруу керек; • Сууда сүзүү учурунда, балдардын сууга секирүүсүнө жана тосмодон ашып түшүүсүнө тыюу салыңыз; • Сууга түшүп жатканда тентектик кылбоону үйрөтүңүз; • Балдарга чоңдордун көзөмөлүсүз, сууга түшүүгө болбойт деп эскертүү бериңиз; • Белгисиз жерлерде, тереңдиги билинбеген жерлерде сууга түшүүгө болбойт. Ошондой эле, бийиктиктен, катер, кайыктардан сууга секирүүгө тыюу салынат. Эскертүү! Эрежелерди так сактоо менен кырсыктын алдын ала аласыздар! Мындан сырткары балдарыңыздарга жолдо жүрүү эрежелерин да эсине салып туруңуздар: • Чоңдордун коштоосу жок, жолдон өтүүгө, же жол жээгине чыгууга болбойт; • Жолдун ортосунан жөө өтмөктөн, жол чырактын жашыл күйгөндө гана өтүүгө уруксат берилет; • Жүрүү бөлүгү унаа каражаттарына гана арналган; • Жолдо жүрүү кыймылы жол чырактын жардамы менен гана ишке ашат; • Коомдук транспортто жүргөндө терезеден башыңды же колуңду чыгарба.