“Асман Эйрлайнс” учагы Бишкек-Ош каттамын аткарды. Билет канча сомдон?
“Асман Эйрлайнс” мамлекеттик авиакомпаниясынын учагы Бишкек–Ош багыты боюнча алгачкы каттамын аткарып, 80 жүргүнчү учуп кетти.
Билеттин минималдуу баасы 3300 сомду түзөт, ал эми акыркы 5 орунга атайын тарифтер сунушталат: Супер эконом — 4000 сом, толук эконом — 4500 сом жана Флекс эконом — 5000 сом.
Каттамдар:
• Ош шаарына - 27-сентябрдан баштап
• Жалал-Абад шаарына - 28-сентябрдан баштап
• Баткенге - 3-октябрдан баштап
Учак жүргүнчүлөргө толуп, авиабилеттерге болгон суроо-талаптын көптүгүнө байланыштуу Казарман, Раззаков жана Талас багыты боюнча каттамдарга авиабилеттерди сатуу убактылуу токтотулду.
[gallery link="file" columns="1" size="large" jnewsslider="true" ids="254990,254989,254988"]