SerepTV Logo

Аскер прокуратурасынын алдына камакка алынган Абдил Сегизбаевдин тарапташтары чогулду

Аскер прокуратурасынын алдына камакка алынган Абдил Сегизбаевдин тарапташтары чогулду
Бүгүн, 27-январда камакка алынган УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаевдин тарапташтары Аскер прокуратурасынын жанына чогулушту. Бул тууралуу анын катчысы Мээрим Асанова билдирди. Анын айтымында, Сегизбаев учурда Аскер прокуратурасынын имаратында. "Биз аны Биринчи май райондук сотуна алып баруу үчүн күтүп жатабыз", - деди Асанова. УКМКнын мурдагы төрагасынын жактоочусу Кантемир Турдалиев журналисттерге өзү да, Сегизбаев да тергөөчүлөр тарабынан айыптоо жөнүндө билдирүү, кылмыш иши козголгон арыздын көчүрмөсү берилбегендигин айткан болчу.
edita