Аскер кызматчыларынын массалык түрдө кургак учук жуктуруп алуу фактысы иликтенүүдө
Аскер бөлүгүндө кургак учук оорусун массалык түрдө жуктуруп алуу фактысы иликтенүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан маалымдашты.
Маалыматка ылайык, 16-мартта Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан аскер бөлүктөрүнүн биринде 12 аскер кургак учук оорусу менен ооруп,Бишкек шаарынын кургак учукка каршы күрөшүү борборуна жаткырылган фактысы боюнча өндүрүш иши башталган.
Ал эми кечээ, 17-мартта Аскерде кызмат өтөп жатып кургак учук жуктуруп алган жоокерлердин саны 15ке жеткени айтылган болчу.
Учурда бул иштин алкагында тийиштүү соттук-комиссиялык экспертизалар дайындалып, учурда алардын жыйынтыктары күтүлүүдө. Ошондой эле Бишкек гарнизонунун Аскер прокуратурасы тарабынан ар тараптуу текшерүү иштери жүрүүдө.