SerepTV Logo

"Аша чаап коюшту окшойт". Үй камагына чыккан депутат Дүйшөн Төрөкулов өзүнүн кармалышы, камалышы тууралуу эмне дейт?

"Аша чаап коюшту окшойт". Үй камагына чыккан депутат Дүйшөн Төрөкулов өзүнүн кармалышы, камалышы тууралуу эмне дейт?
Тополоңдон кийин кичине аша чаап коюшту окшойт. Бул тууралуу ЖКнын депутаты Дүйшөн Төрөкулов журналисттерге камалышы жана кармалышы тууралуу өз пикирин айтып жатып билдирди. “Жакынкы күндөрдө сот болот. Соттун чечимине да буюрса күбө болосуздар. Мен бул окуяны саясий куугунтук деп деле эсептебейм. Мамлекетибизде тополоң болду. Тополоңдон кийин толкун менен келатканда, кичине аша чаап коюшту окшойт. Калганын соттун чечиминен кийин сүйлөшсөк жакшы болмок. Негизинен мага коюлган айып боюнча бардыгы белгилүү эле. Мени камакта көпкө кармоого негиз деле болбоду окшойт”,- деди ал. Эске салсак, Жогорку Кеңештин депутаты Дүйшөн Төрөкулов 16-январда УКМКнын кызматкерлери тарабынан кармалган эле. Биринчи Май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, 2 айга камакта калтыруу чечимин чыгарган. Ал эми бүгүн, 11-мартта депутат Жогорку Кеңештин жыйынына келди. Аны сот үй камагына чыгарганын билдирди.
edita