"Арыз, даттануулар жок". Гүлзат Мамытбекке Акыйкатчы институтунун кызматкерлери барышты
Алдамчылыкка шектелип кармалган Гүлзат Алымкуловага (Мамытбек) Акыйкатчы институтунун кызматкерлери барышты. Бул тууралуу журналисттерге Акыйкатчы аппаратынын эркиндикти чектөөчү жайлардагы укук коргоо бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Манучер Абдулалиев билдирди.
Анын айтымында, Бишкектеги СИЗО-1 абагында отургандардын СИЗОнун жетекчилигине да, кармоонун шарттарына да дооматы жок. «Абалы жакшы. Камакка алуу учурунда анын укуктары бузулдубу деген суроого жок деп жооп берди. Гүлзат Алымкулованын айтымында, СИЗОнун кызматкерлери ага орой мамиле жасашкан эмес. Ал 28-октябрда Акыйкатчы институтуна кайрылган. Блогер адвокаты менен жолуга албай калганына нааразы болгон. Адвокат менен сүйлөшүүдө ал ПЦР-тесттин анализин күтүп жаткан экен, ансыз аларды изоляторго киргизишпейт», — деди ал.