"Арал" жана "Сосновка" постторунда оор жүк ташуучу унааларга киргизилген чектөө алынды
Бишкек – Ош унаа жолундагы "Арал" жана "Сосновка" постторунда оор жүк ташуучу унаалардын бардык түрүнө киргизилген убактылуу чектөө саат 08:30да алынды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Ошондой эле Суусамыр—Талас—Тараз унаа жолунун 82-чакырымындагы "Алим" оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жайы саат 09:00дө тарта ачылды. Унаа жолдордо кар жаап жана жол тайгак болуп жаткандыгына байланыштуу кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында посттор убактылуу жабылган.