Талас менен Токтогул районунун тургундарынын жайыт талашы мушташка чейин жетип жатат
Талас району менен Токтогул районунун жашоочулары жайыт талашып жатышат. Ортодогу пикир келишпестиктен мушташ да чыгып кетүүдө. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Токтогул районунун Арал айылынын тургуну Анара Субаналиева билдирди.
Анын айтымында, Шаркыратма, Үч-Чат, Кыз-Бейит, Тегерек-Конуш аттуу жайлоолорго илгертен эле Токтогул районунун тургундары мал менен чыгып келишкен. "Менин кайнилерим мал менен жайлоого чыгышат. Быйыл да чыгышкан. Бирок адаттагы жайлоого барса, "3 күндүн ичинде чыгып кеткиле" деп коркутушуптур. Биздин тургундар бул боюнча Токтогул районунун акимине да жамааттык арыз менен кайрылдык", - деди ал.