SerepTV Logo

Анкарада Кыргызстандын урматына сейил бак ачылат

Анкарада Кыргызстандын урматына сейил бак ачылат
Түркиянын борбору Анкара шаарында Кыргызстандын урматына сейил бак ачылып, Чыңгыз Айтматовдун бюсту орнотулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинен билдиришти. Аталган маселе 23-сентябрда Кыргызстандын элчиси Кубанычбек Өмүралиев менен Анкаранын Чанкая муниципалитетинин башчысы Алпер Ташделендин жолугушуусунда макулдашылган. Жолугушууда Анкаранын Чанкая районунда жашап, иштеп жүргөн Кыргыз жарандарынын укуктарын коргоо боюнча маселелер да талкууланды.