SerepTV Logo

Амантур Исмаилов менен Лазат Нуркожоеванын үлпөт тою өтүп жатат

Амантур Исмаилов менен Лазат Нуркожоеванын үлпөт тою өтүп жатат
Бүгүн, 21-февралда спортчу Амантур Исмаилов менен президент Садыр Жапаровдун бир тууган инисинин кызы Лазат Нуркожоеванын үлпөт тою өтүп жатат. Маалыматтарга караганда, той Жалал-Абаддагы тойканалардын биринде өтүүдө. Видеолордон көргөндөй, эки жашты “Жар-жар” ыры менен коноктордун алдына ырчы Самара Каримова алып чыккан. Буга чейин интернет айдыңында Нуркожоеванын кыз узатуу тоюнан видеолор жарыяланган болчу.