Алымкадыр Бейшеналиевдин көзүнүн көгөргөнү боюнча министрлик үн катты
Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев "Ала-Тоо 24" телеканалынын сюжетинде бети-башы көгала болуп чыкты.
Министрликтин басма сөз кызматы анын 17-декабрда «Алтын балалык» реабилитациялык борборунда көчөт отургузууга катышкан учурда жаракат алганын түшүндүрүп, анын үстүнө арча түшүп кеткенин билдиришти.