SerepTV Logo

Алтындын экспорту беш айда 180 миллион долларга кыскарган

Алтындын экспорту беш айда 180 миллион долларга кыскарган

Алтындын экспорту кыскарды. Акыркы беш айда экспорт 2020-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3,8 тоннадан ашыкка азайган. Мындай маалыматтарды Улуттук статистикалык комитети таратты. 

Маалыматка караганда, алтындын экспорту акчалай түрдө дээрлик 180 миллион долларга кыскарган.

"Ушул жылдын январь-май айларында алтындын экспорту 4 тонна 135,7 килограммды (234,7 миллион доллар) түзсө, өткөн жылдын ушул мезгилинде 7 тонна 973,9 килограмм (413,3 миллион доллар) алтын чет өлкөгө сатылган",- деп айтылат маалыматта.