SerepTV Logo

"Алтын" сертификаттын ээси Нуриза Алимбаева: "Өмүрүмдү тарыхка байлагым келет"

"Алтын" сертификаттын ээси Нуриза Алимбаева: "Өмүрүмдү тарыхка байлагым келет"
"Тестирлөө мен ойлогондон жеңил болгон үчүн жакшы балл алууга ишеним бар болчу. Мага жаңылык күтүүсүз болду. Бирок "алтын" сертификат алууга аракет кылгам", - дейт Жалпы республикалык тестирлөөдө 224 балл алган Ош шаарынын тургуну Нуриза Алимбаева. Анын айтымында, ЖРТга 1 жыл бою даярданган. "Башында онлайн курстарда окудум. Кийин Ош шаарындагы окуу борборунда курста да окудум", - деди ал. Ал негизги сабактан тышкары дагы эки предметти тандаган. Кыргыз тилден 120 балл алган болсо, тарыхтан 128 балл алган. Ал өзүнүн кыялын орундатуу үчүн кыргыз-түрк "Манас" университетинин тарых адистигине тапшырам деп турат. "Тарых сабагынан сынактарга катышып жүргөндүктөн, тарыхка өмүрүмдү байлагым келген. Ошондуктан тарыхчы болгум келет", - деди ал. Ошондой эле Нуриза Алимбаева мектепти да кызыл аттестат менен бүтүрүп жатат.