Алтын-Ордо конушунда 122,5 миллион сомго жаңы мектеп курулат
Бишкектин Алтын-Ордо конушунда жаңы мектептин курулуш иштерине байланыштуу тендер жарыяланды. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматта мектеп Алтын-Ордо көчөсү, 14 дарегинде жайгашары айтылат.
"Жаңы билим берүү мекемеси 480 орунга ылайыкталган. Долбоордун сметасы жана документ иштери аягына чыкты. Тендер Бишкек шаардык мэриясынын Коомдук-мамлекеттик капиталдык курулуш башкармалыгында өтөт. Курулуш иштеринин алгачкы сметасы 122 миллион 566 миң 569 сомду түздү. Чыгымдар шаардык бюджеттен каржыланат", - деп жазылат маалыматта.