SerepTV Logo

Алтын Эржанова дайынсыз болуп изделип жатат

Алтын Эржанова дайынсыз болуп изделип жатат
1964-жылы туулган Эржанова Алтын Ырсалиевна дайынсыз болуп изделип жатат. Бул тууралуу анын жакындары билдиришти. Маалыматка караганда, ал Новопавловкада жашайт. 8-июнда болжол менен саат 11:30 чамасында кызынын үйүнө кеткен бойдон дайынсыз болуп жатат. Унутчаактык оорусу бар. Жакындары милицияга арыз жазышканын айтышты. Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0709235864 же 102 номуруна чалсаңар болот.