SerepTV Logo

Алмазбек Баатырбеков Нарын шайлоо округундагы добуштарды кайра санап чыгууну талап кылууда

Алмазбек Баатырбеков Нарын шайлоо округундагы добуштарды кайра санап чыгууну талап кылууда

Депутаттыкка талапкер Алмазбек Баатырбеков №33 Нарын шайлоо округундагы бардык шайлоо участкаларындагы добуштарды кайра санап чыгууну талап кылууда. Бул тууралуу БШКдан билдиришти. 

Маалыматка караганда, ал ыкчам чара көрүү координациялык тобуна арыз жолдогон. Анда электрондук урнадагы маалыматтары менен кол санактын жыйынтыктарынын ортосунда айырма бар деп айтылат. Мындан тышкары, бюллетендер саналып, сандар протоколго киргизилгенде талапкерлердин өкүлдөрү болгону айтылат.