SerepTV Logo

Алмазбек Атамбаев сот залында журналисттердин суроолоруна жооп берди

Алмазбек Атамбаев сот залында журналисттердин суроолоруна жооп берди
Бүгүн, 27-сентябрда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда Кой-Таш окуясына байланышкан соттук отурум өтүп жатат. Соттук отурумга алып келинген мурдагы президент Алмазбек Атамбаев журналисттердин суроолоруна жооп берди. - Сизге козголгон кылмыш иштери боюнча комментарий бере аласызбы? - Мунун бардыгы ойлоп табылган иштер. Муну баарыбыз жакшы билебиз.  - Сиз тергөө менен келишим түзбөйсүз. Дагы эле көрсөтмө бербей келе жатасызбы? - Мен дайыма бир эле жолу сүйлөйм. "Көрсөтмө бербейм" дедимби, демек, бербейм. - Негизи эле маанайыңыз кандай? - Баары жакшы болот. Баары жакшылыкка. Чындык жеңет.  Буга чейин судья үч кылмыш ишин бир өндүрүшкө бириктирген. Ошентип, Атамбаев Кой-Таш айылынан жерди мыйзамсыз алууга, мыйзамсыз баюуга жана 2019-жылдын 7-8-августунда Кой-Таш айылында болгон башаламандыкка айыпталууда.