SerepTV Logo

Алмазбек Атамбаев камалгандан бери үй-бүлөсү кайсы акчага жашап жатат? Балдарынын маеги

Алмазбек Атамбаев камалгандан бери үй-бүлөсү кайсы акчага жашап жатат? Балдарынын маеги
Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин үй-бүлөсү казакстандык "Утро добрым не бывает" YouTube-каналына кеңири маек беришти. Анда алар Кой-Таш окуяларында эмнени баштан кечиришкенин, камакка алынган эсептери, президенттикке чейинки жана кийинки жашоолору тууралуу кеп кылышкан. Ошондой эле  үй-бүлөнүн акыркы жылдардагы каржы жаатындагы абалы туурасында айтып беришкен. Кадырбек Атамбаевдин айтымында, бүгүнкү күндө аларга акча жагынан туугандары жана атасынын достору жардам берип жатышат. "Биздин банктагы эсептерибиз чындап эле камакта, бирок 90-жылдары атам менен чогуу иштеген, аны жакшы билген адамдар, анын партиялаштары биздин бул абалыбызды түшүнүп, кыйын учурда жалгыз калтырышкан жок,  колдон келген жардамын берип жатышат. Көпчүлүк учурда апамдын жана атамдын туугандары тараптан жардам келет, агаларымдын да бизнеси бар. Алардын бизнесин камакка алышкан, алар аны бирөөгө сатып, жок кылып жибере албайт, бирок ишмердүүлүгү жүрө бере тургандай форматта камакта", - деди ал. Ал Атамбаевдер Кыргызстандагы эң бай үй-бүлөлөрдүн катарынан чыкканына көп болгонун кошумчалады. Үй-бүлөнүн топтогон бир аз акчасы бар, бирок ал мамлекетке алып кое тургандай көп сумма эмес. Раиса Атамбаева болсо, кичүү уулу менен туугандарыныкында жашап жатканын айтып берди. Кыймылсыз мүлк, автоунаа жана банктагы эсебинен башка анын айлык акысы да камакка алынган. Таксиге түшүүгө акчасы жок коомдук унаада жүргөн күндөрү да болду. Татарстандын президентинин Кыргызстандын элдер ассамблеясы аркылуу кийлигишүүсүнүн аркасында татар коомчулугу ага унаа бөлүп берген. Экс-президенттин кызы Алия Шагиева болсо, күйөөсү экөө жашоосуна, балдарына фрилансер болуп иштеп акча табышарын айтты. Ал өзүнүн сүрөттөрүн сатса, жолдошу программист болуп иштейт. Бул акча алардын тамак-ашына, балдардын бала бакчасына, күнүмдүк чыгымдарга жетет. Бирок үйдө ремонт кылууга же жаңы буюм алууга жетпейт, дейт ал. https://youtu.be/gS3UnSC98TM
Unknown Author