SerepTV Logo

Алматыдагы 12 мектепке жардыруучу зат коюлган

Алматыдагы 12 мектепке жардыруучу зат коюлган
Казакстандын Алматы шаарынын 12 мектебинин электрондук почтасына алардын имаратында  жардыруучу заттар бар экени тууралуу кабар келип түшкөн. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты. Маалыматка ылайык, мектептин электрондук почтасына мектеп жетекчилигинен акча талап болбосо билим берүү имараттары жардырыла турганы жөнүндө кат келген. Мындан улам полиция кызматкерлери аталган мектептерди эвакуацияга алышты. Ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарына полициядан бул факты боюнча «Терроризм актысы тууралуу жалган маалымат таратуу» беренеси менен тергөө иштери башталганын билдиришкен. «Анонимдүү маалымат берген адамдын тек-жайын аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иштери жүрүүдө», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.
Unknown Author