Алматыда коомдук транспортторго бет капсыз кирүүгө тыюу салынды
Алматыда коомдук транспортто бет кап тагынуу режиминин сакталышына көзөмөл күчөтүлдү. Тактап айтканда, автобус айдоочуларына жүргүнчүлөрдү салонго бет капсыз кирген учурда кууп чыгуу же киргизбөө боюнча көрсөтмө берилди. Бул тууралуу Tengrinews.kz шаар мэринин басма сөз кызматына шилтеме берүү менен жазып чыкты.
Маалым болгондой, буга чейин бет капсыз жүргөн жүргүнчүлөргө эскертүү берүү менен гана чектелишчү. Эми аларга токтоосуз айып пул салууга уруксат берилди.
"Автобустарда жана метро станцияларында бет кап кийүү керектигин эскерткен аудио билдирүү бар. Карантинде жүргүнчүлөрдөн бет кап режимин бузбоону жана керек болсо эреже бузгандарды унаадан түшүрүп салууга мезгил келди", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле, Алматы шаарындагы эң жыш жана популярдуу 28 маршруттук каттамы кошумча автобустар менен бекемделгени, алардын аралыгы кайра каралганы белгиленди. Аялдамалардын аягында автобустун салону дезинфекцияланат.