Алматыда каза тапкан Кыргыз жаранына жаракат алган карыяга жардам берип жаткан учурда ок тийген
Алматыда башаламандык учурунда Кыргыз жаранынын каза болгону тууралуу маалыматтын чоо-жайы белгилүү болду. Учурда анын сөөгүн мекенине жеткирүү иштери жүрүп жатат.
Фитнес-машыктыруучу болуп иштеген Кыргыз жараны 6-январда "Республика" аянтына жакын жашаган эжесинин үйүнө кайтып келе жаткан. Маркумдун жубайы саат 22:30 чамасында жолдошу жаракат алган карыяга жардам берип жаткан учурда ок тийгенин айткан.