Алматы-Ош-Алматы чартердик аба каттамы ишке кирди
Алматы-Ош-Алматы чартердик аба каттамы ишке кирди. Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, чартердик каттам жума сайын шейшемби күндөрү аткарылып турат.
16-февралда Алматы шаарынан учуп келген SCA авиакомпаниясынын алгачкы учагы "Ош" эл аралык аэропортуна келип конгон.
"Бул каттам менен Алматы шаарына 1 баланы кошкондо 142 жүргүнчү учуп кетти", - деп айтылат маалыматта.