Алмамбет Шыкмаматов инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды
Алмамбет Шыкмаматов Кыргызстандын инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо агенттигинин директору болуп дайындалды.
Тиешелүү буйрукка премьер-министр Улукбек Марипов кол койду.
Шыкмаматов буга чейин "Ата Мекен" фракциясынын лидери болгон. Партиянын лидери Өмүрбек Текебаев менен пикир келишпестиктерден кийин ал мандатын тапшырган. 2020-жылдын октябрь айында "Бир Бол" партиясынан депутаттык шайлоого катышкан. 2021-жылы 10-январда өткөн мөөнөтүнөн мурда өткөн президенттик шайлоодо талапкерлигин койгон Садыр Жапаровдун Нарын облусундагы штабын жетектеген.