Али Токтакунов жаңы фонд ачты
Иликтөөчү журналист Али Токтакунов жаңы фонд ачты. Бул тууралуу анын кесиптештери билдиришти.
Маалыматка ылайык, эртең 18-февралда «Ололо Эркиндиктин» кеңсесинде Токтакунов ачып жаткан жаңы фонддун презентациясы өтөт. Анда фонддун иш-пландары, максаты тууралуу маалымат берилип, аны менен катар коррупцияны ашкерелеген кезектеги жаңы иликтөө көрсөтүлүп, документалдуу кинотасманын трейлери тартууланат.