SerepTV Logo

Алдын ала маалымат боюнча Бишкек шаардык кеңешине 5 партия өтүүдө

Алдын ала маалымат боюнча Бишкек шаардык кеңешине 5 партия өтүүдө
Бүгүн, 17-ноябрда Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин – айылдык жана шаардык кеңештердин депутаттарын шайлоо болуп өттү. Шайлоо саат 20:00дө жыйынтыкталды. БШКнын сайтында жарыяланган алдын ала маалымат боюнча, Бишкек шаардык кеңешине 5 партия өтүүдө.
  1.  “Жаны күч — Новая сила" партиясы - 29,45%
  2.  “Эмгек” партиясы  - 22,03%
  3. “Адилет” - партиясы - 15,17%
  4.  “Ынтымак” партиясы - 13,90%
  5. “Эл үмүтү” партиясы - 10,93%
Шайлоочулардын 7,16 пайызы баарына каршы добуш берген. Ал эми "Улуу журт" партиясы 1,33% гана добуш алган. "Социал-демократтар" партиясы шайлоодон четтетилген. Эми добуштар колго саналат.