Алдыдагы 3 күн өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү күтүлөт
Алдыдагы күндөрү аба ырайына байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 6-апрелден 9-апрелге чейин жаап өткөн жаан-чачынга жана абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болот. Алар төмөнкү аймактар:
- Бишкек-Ош унаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу);
- Бишкек-Ош унаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы);
- Суусамыр-Талас-Тараз унаа жолунун 1-14-чакырымдарында (Өтмөк ашуусу);
- Ала-Бука - Жаңыбазар - Киров унаа жолунун 71-75-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу);
- Ала-Бука - Жаңыбазар - Киров унаа жолунун 200-215-чакырымдарында (Каракысмак капчыгайы, Кара-Буура ашуусу);
- Мырза-Аке - Кара-Кулжа - Алайкуу унаа жолунун 74-110-чакырымдарында;
- Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 286-306-чакырымдарында (Долон ашуусу, Кара-Үңкүр капчыгайы);
- Казарман-Актал-Чат унаа жолунун 67-93-чакырымдарында (Кара-Гөө ашуусу);
- Ош - Сары-Таш унаа жолунун 161-179-чакырымдарында (Талдык ашуусу);
- Сары-Таш - Дароот-Коргон – Кара-Мык унаа жолунун 97-98, 110, 136-1500чакырымдарында;
- Каракол-Эңилчек унаа жолунун 76-90-чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу).