SerepTV Logo

Аламүдүндөгү заводдо үч киши көз жумду

Аламүдүндөгү заводдо үч киши көз жумду
Аламүдүндөгү Кара-Жыгач айылында үч киши бетон заводдо каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан билдиришти. Маалыматка караганда, кырсык кечээ 22-сентябрда болгон. Анда бетон аралаштырган мунара кулап, алдындагы имаратты басып, ичиндеги үч киши көз жумган. Каза болгондордун бири чет өлкөнүн жараны экени айтылды. "Тоо-кен, курулуш же башка жумуштарда коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, үч киши шектүү катары убактылуу кармоочу жайга киргизилди.
edita