SerepTV Logo

Алайда мектеп жабылып, балдар 5 чакырым жөө барып окуп жатышат

Алайда мектеп жабылып, балдар 5 чакырым жөө барып окуп жатышат
Алайда айылдагы мектепти жаап салышкандыктан, балдар чоң жолду бойлой, 5 чакырым жөө барып окуп жатышат. Мындай билдирүү менен бүгүн, 29-январда Эрнис Айдаралиев Жогорку Кеңештин жыйынында чыкты. Анын айтымында, Алай районундагы Үч-Дөбө айыл аймагынын Көлдүк айылында №50-башталгыч класстар үчүн мектепти жаап коюшкандыктан балдар кыштын күнү кыйналып жатышат. Депутат: "Аны Чий-Талаа айылындагы Абдыжапаров атындагы мектепке кошуп коюшкан. Экөөнүн ортосу 5 чакырым. Ал жерде "Ош - Эркеч-Там" чоң жолу бар. Ал каттам абдан кооптуу, күнүнө 2000-3000ден фура катуу ылдамдыкта өтүшөт. №50 мектепти өз ордунда калтырса", - деп президенттин жана Министрлер кабинетинин парламенттеги өкүлү Алмасбек Абытовго кайрылды.