SerepTV Logo

Алайда дарыгерлер үчүн заманбап жатакана пайдаланууга берилди

Алайда дарыгерлер үчүн заманбап жатакана пайдаланууга берилди
Кечээ, 23-апрелде капиталдык оңдоодон кийин Ош облусунун Алай районундагы Жалпы дарыгерлик практика борборунун 20 батирлүү жатаканасы расмий түрдө пайдаланууга берилди. Иш-чарага президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев, райондун акими Чыңгыз Бапаев жана медицина кызматкерлери катышты. Элчибек Жантаев жатакананын ички шарттары менен таанышып, медицина кызматкерлерин жаңы турак-жайы менен куттуктады. Ал белгилегендей, бул демилге жаш дарыгерлерди облуска тартуу жана аларга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатын көздөйт. 1977-жылы курулган имарат буга чейин оорукананын балдар жана жугуштуу оорулар бөлүмү болуп иштеп келген. 2021-жылы “Алай GMP” ишканасынын жетекчилиги тарабынан Ош облусун өнүктүрүү фондуна имаратты заманбап жатакана кылып реконструкциялоо долбоору сунушталып, ал колдоо тапкан. Оңдоо иштерине облустук өнүктүрүү фондунан 6 миллион 660 миң сом, Алай райондук жалпы дарыгерлер практикалык борборунун бюджетинен жалпысынан 7 миллион сомдон ашык кошумча каражат бөлүнгөн. Жатакана төмөнкүлөрдөн турат: - 12 бир бөлмөлүү батирлер, - 4 эки бөлмөлүү батир, - 3 үч бөлмөлүү батир, - 1 балдар оюн бөлмөсү, - 4 санитардык түйүндөр, - 2 ашкана. Батирлер дарыгерлердин муктаждыгына жараша бөлүштүрүлөт. Учурда жатаканага 14 дарыгер жана 6 орто билимдүү медициналык кызматкер үй-бүлөлөрү менен жалпысынан 53 адам жайгаштырылган. [gallery link="file" columns="1" size="full" jnewsslider="true" ids="282857,282858,282859,282860,282861,282862,282863,282864,282865,282866,282867"]