SerepTV Logo

"Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатынын чырагы 14-декабрда жандырылат

"Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатынын чырагы 14-декабрда жандырылат
"Ала-Тоо" аянтындагы башкы балатынын чырагы 14-декабрда жандырылат. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Балатынын чырагын жандыруу аземи саат 18:30да болот. Мэриянын маалыматына караганда, быйыл "Ала-Тоо" аянтындагы сейилдөөчү аянт кеңейтилип, эс алуучу жайлар дагы түзүлдү. Балдар үчүн мастер-класстар жана муз тебүүчү аянтча уюштурулат. Мындан тышкары, тамак-аш зонасы болот.